Айнуру Алтыбаева: "Алдыда менчикке сатылып кеткен ооруканалардын имараттарын кайтарып алуу милдети турат"

Мурда жеке менчикке сатылып кеткен 92 бала бакчанын имараты Жогорку Кеңештин аракети менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу парламенттин 19-марттагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди. Анын айтымында, эми оорукана жана башка социалдык мекемелердин имараттары менен жер тилкелерин кайтарып алуу милдети турат. "Мисалы, Ош шаардык төрөт үйүнүн жер тилкесин коммерциялык фирмалар менчиктеп алышыптыр. Менимче, социалдык мекемелерге Кызыл китеп берүү чараларын көрүү зарыл. Ансыз алардын имараты менен жер тилкелерин коргоп калуу кыйын болот",- дейт депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан