"Кыргыз Республикасынын Президентинин Молдовага болгон иш сапарынын себебин жарыялоого азырынча эрте",- деди 19-мартта парламент жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев. Анын айтымында, иш сапардын себеби учуру келгенде жарыяланат. "Алмазбек Атамбаевдин Молдовадагы расмий эмес жолугушуусу Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын көздөйт",- деп кошумчалады Абдылдаев.