Чолпон Султанбекова "Свердлов районунун мурунку акими Алтынай Өмүрбекованы кызматтан алуу туура эмес болду" дейт

Парламенттин 19-марттагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова мамлекеттеги кадр саясатында баш аламандык жүрүп жатканын айтты. Депутат Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурунку акими Алтынай Өмүрбекованы мисал келтирди. 
"Алтынай Өмүрбекова Ленин районунун акими болуп турганда бошотуп, Свердлов районуна аким кылып дайындашкан. Ал жерден да бошотушуп, ордуна Айнагүл Чылабаеваны дайындашты. Өмүрбекова жакшы иштеп жаткан. Мамлекетке мыкты кадрлар керек дейбиз, ушинте берсек, өлкөдөгү кадрдык саясат кантип оңолсун?"- дейт Султанбекова. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан