Каракол шаарында 9-Май - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдык мааракесине карата
"Жеңиш" сейил багында реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-Май күнүнө аталган "Жеңиш" сейил багында бир катар майрамдык иш-чаралар пландалган. Азыркы тапта курулушчулар сейил бактын ичиндеги тротуарларга таш төшөлгө (брусчатка) төшөө жана бетон арыктарды куруу иштери менен алектенишүүдө. Андан сырткары жаңы бак-дарак жана гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузууга даярдыктар көрүлүп, бак-дарактар акталууда.