Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко менен Жоомарт Сапарбаев бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринин студенттери менен жолугушту. Депутаттар студенттерге Кыргыз Республикасынын парламенти жөнүндө маалымат беришти. Студенттердин адам укуктары жана эл аралык мамилелер жаатындагы суроолоруна жооп беришти.
“Кыргыз мамлекетинде адам укуктарын коргоо боюнча прогрессивдүү мыйзамдар бар. Мыйзам чегинде чечүүчү системдүү көйгөйлөр да болууда. Буга байланыштуу кылмыш жана административдик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорлорунун пакети парламентке келди. Мындан сырткары сот жана көзөмөл органдарын реформалоо боюнча чаралар көрүлүп жатат”,- дейт Никитенко.