Президенттик аппарат: "Алмазбек Атамбаевдин Молдовадагы иш сапарынын максаты - Орусия, Молдова жана Евросоюз мамилесин талкуулоо"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Молдовага расмий эмес иш сапары менен барганы боюнча президенттик аппарат бүгүн, 19-мартта билдирүү жасады. Билдирүүдө булар айтылат:
"Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 15-мартта Санкт-Петербургга бара жатканда Кишинёвго кыска мөөнөткө токтоду. Анда Молдова парламентинин төрагасы Адриан Канду жана республиканын башкаруучу коалициясынын лидерлеринин бири Владимир Плахотнюк менен расмий эмес жолугушууда Молдованын Евросоюз жана Орусия менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. 
Башка маселелер менен бирге ушул эле маселелер Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда сүйлөшүүнүн предмети болду. Ушул эле маселелерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Европа өлкөлөрүнө болжолдонгон иш сапарында талкуулоо пландалууда. 
Кыргыз мамлекети Евразия экономикалык союзуна кошулуп жатат, ошондуктан Евразия континентинде тынчтыкты чыңдоо жана чыңалууну эскалациялоого жол бербөө боюнча түздөн-түз кызыкчылыктары бар. Бишкек - Кишинёв - Санкт-Петербург - Бишкек каттамы боюнча кыргыз делегациясынын авиаучууларында башынан эле жол чыгымдарын Алмазбек Атамбаев жеке каражаттарынын эсебинен төлөөрү белгилүү болгон. 1993-жылы чыккан президенттик ТУ-154 учагы ошол учурда учуу алдындагы текшерүүдөн өтүп жаткан". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан