Мектептеги окутууну жакшыртуу, жаңы технологияларды киргизүү жана мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуусу максатында Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин даярдоо класстарын окутуп жаткан мугалимдерге жаңы технологияларды колдонуп сабак өтүү боюнча семинарлар өткөрүлүүдө.
Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, тажрыйбалуу жана инновациялык усулдарды мыкты билген мугалимдер менен биргеликте башталгыч класска даярдоо боюнча 240 сааттык программанын негизинде балдарды окутуп жаткан мугалимдерге жаңы технологияларды колдонуп ачык сабактар өтүлүүдө.