Алмазбек Атамбаев: "Нооруз - тирүүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-мартта кыргыз мамлекетинин жарандарын Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди элибиз сүйгөн эң байыркы майрам, Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эзелтен Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жаратканга, тирүүлүккө, жашоого таазим эткен. Жарыкчылык түндү, жылуулук суук ызгаарын жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылган. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулган. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечирген. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына, досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдирген.

Байыркы Нооруз майрамы эгемендүү Кыргыз Республикасынын тушоосунун кесилиши менен кошо элибизге кайтып келди. Нукура элдик майрамдын кайра жаралышы - тарыхый тамырларыбызга, улуттук каада-салттарыбызга таазим.

Жакшы салттарын сыйлап, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болот. Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Жараткан эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн элин колдосун, жолубузду ачсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке тартууласын!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан