Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-мартта Чүй облусунун Чалдыбар айылындагы күнү-түнү жөнгө салынуучу бассейндин плотинасындагы оңдоо иштери менен таанышты. Оторбаев суу ресурстары менен көбүрөөк аянтты камсыздоо максатында бассейндин кубаттуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Дыйкандарга насыя берүү маселесине токтолгон премьер быйыл айыл чарба тармагындагы өкүлдөргө насыя берүү системи өзгөрүлөрүн, жаңы принципке ылайык, ссуда алуу үчүн ар бир фермер бизнес-планын сунуштоого тийиш экенин кошумчалады.
Премьер-министр Чоң Чүй каналына барып, анын техникалык абалы менен таанышып чыкты. Жыйынтыгында Каржы министрлигине, Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жазгы талаа иштерине керектүү каражаттарды бөлүү тапшырмасын берди.