Бакыт Бакетаев: "Орусия президенти "Крым биздики" деп чечкиндүү кадам жасагандай, "Кумтөрдү" биздин президент тезинен чечиши керек"

Бишкекте 20-мартта "Кумтөрдүн" мүлкүн улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүүдө. Коомдук угууда саясат таануучу Бакыт Бакетаев: "Кумтөрдү" улутташтыруу маселесин парламент эмес, президент чечиши керек. Мен улутташтырууну колдойм, бирок азыркы учурда сүйлөшүүлөрдү улантып, кыргыз тараптын үлүшүн көбөйтүү туура болгону турат. Биргелешкен ишканадагы үлүшүбүздү 60-70 пайызга жеткирүү керек",- деп билдирди. 
Бакетаев бул маселени тезинен чечүү зарылдыгын белгиледи. "Бул маселени президент тезинен чечиши керек. Орусия президенти "Крым биздики" деди, баары бүттү. Президент чечим кабыл алгандан кийин артка кадам таштоо мүмкүн болбой калат",- деп кошумчалады Бакетаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан