АКШга барчу кыргыз жарандарынын визасынын мөөнөтү 5 жылга узартылат

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-мартта АКШга барчу кыргыз жарандарына кам көрүүгө багытталган токтомго кол койду. Документтин максаты - АКШга туристтик жана ишкердик максатта барчу кыргыз мамлекетинин жарандары үчүн жагымдуу шарт түзүп берүү. Муну менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын туристтик, студенттик жана ишкердик визаларынын мөөнөтү 5 жылга чейин узартылат.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, ушундай эле чечим кыргыз жерине келүүчү АКШнын жарандары үчүн да АКШ тараптан кабыл алынган. Бул токтомдордун ишке кирүү мөөнөтүн КРнын Тышкы иштер министрлиги АКШ тарап менен бирге макулдашып чечери айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан