Жоомарт Оторбаев Кант шаарындагы майрамдык иш-чарага катышты

Бүгүн, 21-мартта өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кант шаарындагы майрамдык иш-чарага катышты. Анда ал кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, бул күндүн мааниси терең экендигине токтолду.  

“Бул күнү күн-түн теңелет. Жашоо жаңыланып, адамдын жан дүйнөсүндө шаң жана эргүү пайда болот. Башынан кыргыз эли Нооруз майрамын чыдамсыздык менен күтүп, жакшы каалоо-тилектерди айтышкан”,- деди Оторбаев.

Ошондой эле өкмөт башчы “бул жыл ийгиликтин, жакшылыктын, түшүмдү мол берген жылдардан болсун” деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан