Нооруз майрамына карата Ош шаарынын борбордук аянтында ар улуттун каада-салтын, маданиятын чагылдырган 13 боз үй тигилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аймактык кеңештер жана этностук маданий борборлордун өкүлдөрү тарабынан боз үйлөр жасалгаланып, алардын жанына кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, тамак-аштын түрлөрү коюлуп, ар улуттун каада-салттарынан көрүнүштөр, ыр-бийлер тартууланды.
Иш-чаранын жүрүшүнө КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов жана Жогорку Кеңештин депутаттары күбө болушту.