Бүгүн, 22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө карата "Шоро" компаниясы борбор калааны аралап акция өткөрдү. Түштүк магистраль менен Тынчтык кең көчөсүнүн кесилишинде старт алган иш-чара "Жеңиш" аянтында, Д.Асанов атындагы сейил багы, Улуттук филармония жана бир катар ири соода борборлорунда орун алды.
Катышуучулар чирлидерлердин бийине күбө болуп, акысыз суу жана сууга байланыштуу сувенирлерди алышты. Ошондой эле акция кызыктуу оюндар менен коштолуп, катышуучулар белектерге ээ болушту.
Иш-чараны уюштурган "Шоро" компаниясы 1992-жылдын 25-майынан тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Компания азык-түлүк жана улуттук суусундуктарды чыгаруу боюнча өлкө аймагында алдынкы орунда турат.
Кошумчалай кетсек, 1993-жылдан бери 22-мартта дүйнө боюнча Суу күнү белгиленип келет. Суу ресурстарынын күнүн белгилөө идеясы 1992-жылы Рио-де-Жанейродо айлана-чөйрөнү коргоо жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясында айтылган.