Алмазбек Атамбаев Европа өлкөрүндө: мамлекет башчы расмий иш сапар менен Австрияга барды
Президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүндө өтүүчү расмий иш сапарларын Австриядан баштады. 22-март күнү кечинде аталган мамлекеттин борбору Вена шаарына учуп келген мамлекет башчыны Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчиси Эрмек Ибраимов менен Австриянын Тышкы иштер министрлигинин протокол жетекчиси-элчи Беттина Кирнбауэр тосуп алды. Расмий делегациянын курамында президент Алмазбек Атамбаев менен катар анын жубайы Раиса Атамбаева, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, вице-премьер-министр Валерий Диль, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бар.