"Кыргыз мамлекети - тышкы соода жүгүртүүсү ички дүң продукциясынан ашып кетчү 5 өлкөнүн бири". Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-мартта дипломатия өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Кыргыз Республикасы көп мезгилден бери ачык рыноктук экономиканы куруп жатканын белгилеген премьер: "Муну менен катар биздин өлкө деңизге чыга албаган шартта мындай көрсөткүчкө жетишкен жалгыз өлкө. Мындан ары да ачык рыноктук экономиканы куруу саясатын улантабыз",- деп билдирди.