Жалал-Абад шаардык төрөт үйүндө орун жоктугунан бир палатада 7-8ден айым жатат

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 20-мартта Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушту. Ниязалиева иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаардык төрөт үйүнө барды. Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Элмира Төрөгелдиева жакынкы райондордун тургундарынын кайрылышынан улам төрөттүн саны өсүп жатканын билдирди. "Төрөт үйүндө орун калбады, бир палатада 7-8ден кош бойлуу айым жатат. Мындан тышкары жаңы төрөлгөн ымыркайларды реанимациялоо үчүн керектүү аппараттар жетишсиз",- деп билдирди башкы дарыгер. 
Ниязалиева төрөт үйүнүн абалы менен таанышып чыкканын, мекемедеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча төрөт үйүндөгү энелердин пикирин укканын билдирет өкмөттүн маалымат кызматы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан