Кыргыз тилин өнүктүрүү программасын ишке ашырууга быйыл 243 миллион сом бөлүнөт

Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга 493 миллион 600 миң сом жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйынында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев билдирди. Анын билдиришинче, быйыл аталган программа үчүн 243 миллион сом бөлүү пландалууда. 
Эскерте кетсек, кыргыз тилин өнүктүрүү программасы 2014-жылдын 25-апрелинде Улуттук кеңештин кезектеги жыйынында кабыл алынган. Документти президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан