Кыргыз мамлекетинде 23-марттан 27-мартка чейин орус тили жумалыгы өтөт. Муну бүгүн, 23-мартта Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Жумалыктын алкагында орус тили боюнча атайын сынак уюштурулат, жыйынтыгы 2015-жылдын сентябрында Москвада чыгарыла турганы айтылды. Мындан тышкары орус тили жана адабияты адистигине ээ 100 мугалим атайын курстан өтөт. Сокулук жана Аламүдүн райондорунда жана Бишкек шаарында иштеген мугалимдер тандалган.