Борбор калаада жаштар ишембилик өткөрүп, мэрияны шаардын тазалыгына көбүрөөк көңүл бурууга чакырышты
“Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты борбор
калаанын тургундарын жана конокторун тазалыкка үндөп, шаар мэриясын борбор
калаанын тазалыгына көбүрөөк көңүл бурууга чакырышты. Уюштуруучулар кабарлашкандай, 22-мартта уюшулган тазалык
иш-чарасына Бишкек шаардык кеңешинин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары дагы
катышты. Шаардык кеңештин депутаты Насирдин Айсаев жаштардын аракетин жакшы деп
баалап, алар тарабынан айтылган сунуштарды 26-март күнү боло турган шаар
жетекчилигинин отчётун угуу маалында мэрге айтарын жана шаардык кеңештин
жыйынына алып чыгарын билдирди.