Бүгүн, 23-мартта президент
Алмазбек Атамбаев Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын жүрүшүндө уюштурулган маалымат жыйынында австриялык журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анда
"Сиз Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакшы достордонсуз. Буга байланыштуу батыш өлкөлөрүнүн башчыларына кеңеш бере аласызбы, кантип Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон тыныгууну жолго салса болот?" деген суроо берилди.
Алмазбек Атамбаев бул суроого төмөндөгүчө жооп берди: "Украинадагы окуялар баарыбыздын тынчыбызды алып жатканы жашыруун эмес. Кыргыз Республикасы Украинадагы коррупционерлердин режиминин кулаганын жана жаңы бийликтин келгенин колдогон биринчи өлкөлөрдүн катарында болгон.
Ушул эле билдирүүдө биз этникалык аралык мамилеге чоң маани берүү керектигин белгилегенбиз. Менимче, мындагы чоң катачылык Украинанын Жогорку Радасынын орус тилинин статусу тууралуу мыйзамын жоюп жиберүүсү болгон деп эсептейм. Жакында эле Санкт-Петербургда болуп өткөн Владимир Путин менен жолугушуубузда ошол эле Украинадагы, ошол эле Молдовадагы кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Путин Орусиянын Европа менен мамилесинин оңолушуна жана Украинанын аймагында тынчтык орноосуна кызыкдар".