Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 23-мартта микрокредиттик компаниялардын биринин өкүлдөрү менен жолугушту. Өкмөт жетекчиси кыргыз мамлекетинин каржы секторуна тикелей голландиялык инвестицияны тартуу өлкө экономикасы үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. "Бул кыргыз өлкөсүнүн экономикасын инвестициялоо планындагы жакшы үлгү болмокчу",- деп билдирди Оторбаев.
Премьер-министр 2010-жылдан 2014-жылдын январына чейин микрокредиттик уюмдардын чакан насыяларынын көлөмү 2,3 эсе: 9 миллиард сомдон 21 миллиард сомго чейин өскөнүн белгилеп: "Учурда республикада микрокаржылык сектордо насыя алган 500 миңдей адам бар, ар бир экинчи үй-бүлө кардар. Микрокаржылык сектор жаңы иш орундарын түзүүдө, миңдеген үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын жакшыртууда",- деп билдирди.