Путин кыргыз мамлекетин Евразиялык экономикалык союзга кошуу маселесине байланыштуу жарлык чыгарды

Орусия президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасын Евразиялык экономикалык союз жөнүндө келишимге кошуу үчүн протоколго кол коюу боюнча жарлык чыгарды. Бул тууралуу 23-мартта Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Путин аталган протоколго кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө анын долбооруна Орусиянын өкмөтү тарабынан жактырылган принципиалдык мүнөзгө ээ болбогон өзгөрүүлөрдү киргизүүнү Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигине буйрук кылган. 
Айта кетсек, Кыргыз Республикасы ЕАЭСке 2015-жылдын 9-майында толук кандуу мүчө болмокчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан