Алмазбек Атамбаев Март революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуу жасады: "Бийлик эки революциядан сабак алууга милдеттүү"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы революциянын 10 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Кайрылууда булар айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Мындан он жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында кыргыз мамлекетинин эли дүйнөгө эркиндикти, адилеттикти туу тутарын ачык көрсөттү. Бийликке тизелеп жашагыча, жаркын келечек үчүн тикесинен туруп жанын берүүгө даяр экендиги далилдеди.

2005-жылдын 24-мартындагы революцияга ошол кездеги бийлик башчысынын уятсыз саясаты түрткү болгон. Ондогон жылдар бою бийлик экономиканы кыйратып, элдин турмушун жакырлантканы аз келгенсип, өлкөнүн улуттук байлыктарын талап-тоногон. Өзгөчө үй-бүлө мүчөлөрүнүн байышына даңгыр жол ачкан.

Он жыл мурда, кезектеги парламенттик шайлоодо бийликтин адилетсиздиги жана көз боёмочулугу карапайым элдин кыжырын кайнатып, чыдамын түгөттү. Эл бийликтен биротоло үмүтүн үзгөн. Өлкөнүн бардык аймактарында каршылык акциялары өтүп жатты.

Кыргыз Республикасынын эли үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы жапырт көтөрүлдү. Чындыгында эле бул жалпы элдик кыймыл болуп, өлкөнүн бардык аймагын кучагына алды. Элибиз революция жолу менен бийликти алмаштырды. Эл жеңишине жетине албай, уурулукка белчесинен баткан үй-бүлөнү өлкөдөн кууп таштаганына кубанып жатты.

Тилекке каршы, кыргыз элинин адилеттикке жана калыс бийликке болгон үмүтү тебеленип-тепселди. Экинчи президенттин үй-бүлөсү коррупцияга мурдагыдан дагы катуу чырмалды. Балдары, бир туугандары мамлекеттик эң чоң кызматтарга дайындалып, криминал менен коюн-колтук алышып кетти. Кыргыз мамлекетин талап-тоноого чет элдик аферисттерди кошо аралаштырышты. Ошол кездеги бийлик баш көтөргөн депутаттарды, оппозиционерлерди, журналисттерди жана ишкерлерди өлтүрүп, бычактап, уруп-сабаганын элибиз али унута элек.

Эзелтен эркиндикти туу туткан кыргыз эли мындай чыккынчылыкка чыдабады. 2010-жылдын жазында өлкө боюнча оппозициянын нааразычылык акциялары өткөрүлдү. Бийлик буга репрессиялар менен жооп берип, адатынча коркутуп-үркүтүүгө өттү. Ал эми 7-апрелде карапайым эл адилеттүүлүктү талап кылып митингге чыкканда, канкор режим демонстранттарды карай ок атууга буйрук берди. Ага карабай өлүмдөн жалтанбаган калкыбыз Апрель элдик революциясын ишке ашырды.

2010-жылдын 7-апрели - Кыргыз Республикасынын кайра жаралуу күнү. Өлкөбүздө эркин, демократиялуу шайлоолорго жол ачылды. Коррупцияга каршы мурда болуп көрбөгөндөй аёосуз күрөш башталды. Мамлекеттин энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк көз карандысыздыгын камсыз кылууга чечкиндүү аракеттер көрүлүп, аскердик реформа жүргүзүлүп жатат. Мамлекет карапайым адамдардын жашоосун жакшыртууга чындап көңүл бөлө баштады.

Бирок бийлик да, коом дагы 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик революциялардан сабак алууга милдеттүү. Мамлекет өлкөнүн карапайым калкына таянганда гана бийлиги  натыйжалуу болот. Бийликтин күчү - элдин ишениминде. Ал эми карапайым жарандар депутаттарды жана өлкөнүн президентин шайлоого өтө жооптуу мамиле жасоого тийиш.

2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик революциялар элибиздин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүнүн каарман барактарына айланды. Биз муну эч качан эстен чыгарууга акыбыз жок. Ата-бабаларыбыз, өз өмүрүн курмандыкка чалган мекендештерибиз кыялданган - эркин жана гүлдөп-өнүккөн өлкө курууга милдеттүүбүз!"

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан