Жалал-Абад шаарынын ичинде тазалыкты жакшыртуу иштерин жүргүзүп жаткан Коммуналдык чарба департаменти тарабынан 200 таштанды салгыч жасалып, алар шаар ичинде орнотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы департаменттин жетекчиси Акылбек Калдаровго шилтеме берүү менен кабарлады.
Маалыматка ылайык, таштанды салгычтарды жасоого шаар бюджетинен 254 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.