Аскар Бешимов суу маселеси боюнча Швейцария өкмөтүнүн атайын өкүлү менен жолугушту

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов 23-мартта Швейцария өкмөтүнүн сууну башкаруу боюнча Борбор Азиядагы атайын өкүлү Вильхельм Мейер менен жолугушту. ТИМдин маалымат кызматына таянсак, жолугушууда 2014-жылдын 24-26-ноябрь күндөрү Швейцариянын Базель шаарында сууну башкаруу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн эл аралык конференциянын жыйынтыгы талкууланды. "Швейцария тарап суу ресурстарын биргелешип пайдалануу көйгөйлөрүн чечүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда саясий диалог жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирди",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан