Кечээ, 23-мартта президент
Алмазбек Атамбаевдин Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Федералдык экономикалык палатасында кыргыз-австриялык бизнес-форуму болуп өттү. Анда Улуттук банктын төрагасы
Толкунбек Абдыгулов австриялык компаниялардын өкүлдөрүнө
Кыргыз Республикасы тууралуу презентация менен тааныштырды. Ошондой эле "Консалтинг жана изилдөө" компаниясынын башчысы Азамат Акелеев кыргыз өлкөсүнүн гидроэнергетика тармагындагы потенциалы жөнүндө айтып берди.
Ал эми Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө мындай пикири менен бөлүштү: "Чет жерде "Борбор Азияда 20-30 жылдап бир кишинин, бир үй-бүлөнүн башкаруусунда болгон өлкөлөргө инвестиция кылуу керек" деп жаңылыш ойлошот. Бирок ал кишини, ал үй-бүлөнү алмаштыруу убактысы келгенде, өлкөдө менчикти бөлүштүрүү башталат. Кыргыз мамлекетинде чет жердик инвестиция бийликтен көз каранды болбошу керек дегенге жетүү үчүн биз бүгүн анын үстүндө иштеп жатабыз.
Мына, 3 күндөн кийин 100 тонна алтыны бар "Жер-Үй" кени аукционго коюлганы турат. Мурунку режимдин кезинде бул кенди иштетүү лицензиясын 5 долларга сатып жиберишкен. Тиешелүү адамдарга пара берилген. Бийлик алмашуудан кийин сот аркылуу ал лицензия кайтарылып алынып, бүгүн ачык-айкын тартипте тендер жарыяланганы жатат. Ким эң көп төлөсө, ошого лицензия берилет жана ал лицензияны кыргыз өлкөсүнүн эч бир бийлиги тартып ала албайт. Себеби биз иштөөнүн жаңы, айчык-айкын жана таза тартибин киргиздик",- деди.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин айтымында, 2-3 жылдай мурун "Жер-Үй" кенин иштетүү боюнча лицензия үчүн ага чоң акчалуу адамдар келип, ондогон миллион доллар пара сунуштагандар болгон. "Мен аларга "биз эми башка өлкөбүз, жаңыча иш алып барабыз" деп айттым. Эч ким ишенбей жаткан, бирок бүгүн бул кендин жаңы тендерине 3 компания катышууга даяр. Коңшу өлкөлөрдөгү бай адамдар кыргыз өлкөсүнө ишене баштады. Өмүрүмдүн 20 жылы биздин өлкөдө ишкер пара бербесин деген күрөшкө кетти. Ишкер кыргыз мамлекетинде өзүн суудагы балыктай сезип иштөөсү биз үчүн чоң мааниге ээ",- деди Алмазбек Атамбаев.