Ок атуу боюнча Олимпиада чемпиону Александр Мелентьевдин жаркын элесине арналган мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш 18-21-март күндөрү Бишкек шаарында өткөн. Ага жалпысынан өлкө аймагындагы күч түзүмдөрүнөн 12 курам катышкан. Анын жыйынтыгында ок атуу боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын курамы жеңишке жетишкен.