Орусиядагы аскер парадына катыша турган 75 кыргыз жоокерине форма тиктирүү үчүн 3,8 миллион сом бөлүндү

Бүгүн, 24-мартта Бишкекте Орусияда өтүүчү аскер парадына даярдыктар көрүлүүдө. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата өтө турган парадга Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери катышат.

“Быйыл Москвада өтүүчү парадга 75 жоокерибиз тандалып алынып, алар 4-январдан бери кызуу даярдыктарды көрүшүүдө. Жоокерлердин аскер формасын, спорттук костюмдарын жана жаңы өтүктөрүн тиктирүүгө 3,8 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Бул ири парадга башка бир катар өлкөлөрдүн да жоокерлери катышат, ошол себептен биздин формаларыбыз да, даярдыктарыбыз да жогорку деңгээлде болушу зарыл”,- деди Улуттук гвардиянын башкармалыгынын башчысы Таалай Мырзабаев.

Айта кетсек, Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган парадга да биздин жоокерлер катышып келишкен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
edu.kg.
2015-03-24 12:15:23
Бир кундук парад учун 4млионн акча кетсе...бир жагынан жакшы бир жагынан ошол акса бир тыйыны калбай иштетилеби десен? Биздикилер 2ни 4кылып документ толтуруп чонтокоо урушчеле..
+2
bars06
2015-03-24 12:19:50
Аларга емне кумуштон форма тигилет бекен.3.8 миллионго...
+1
Aristokrat-unname
2015-03-24 12:22:37
Ар бирине 50минден туура келеткен.
0
ak-74
2015-03-24 12:23:02
3mln jeit 800 minge tiktiret
+3
arzikalmazov
2015-03-24 12:35:06
Чындап ошол жакка кетээрине ишенбейм, ортодон жеп калышат.
+1
bom.bon
2015-03-24 13:00:28
акча табылат наамысты алдырбайлы!Жакшы жака жоорулуйлук мындайча айтканда онугууну белгиси!
0
danyar_98
2015-03-24 13:26:23
Быйыл аянтта 1700 бала парадга катышат. Окмот тигип берет форманы. Ага кача акча болунду экен
0
elnnura
2015-03-24 13:34:48
Ар бирине 10миң сомго тиктиришет дагы,калганы кекиртеке куюлат.
+1
milan_92
2015-03-24 14:07:13
Жакшы 5 мл болсо деле форманы жакшы кылыш керек азаматсынар
-1
semakg
2015-03-24 14:25:22
Эмне учун парадка? Же текшеруу жургондо чондор келет дегенде солдаттар жаны форма кийиши керек? Ар бир солдаттын кунумдук жашоосунда кызматтык формадан сырткары ушундай парадтык формасы болуш керек деп ойлойм.
-1
nurlan10000kg
2015-03-24 15:15:08
счетный палата АКС,фин политсия,ОБЕН, прокуратура кайды карап жатасынар 3,8миллион 75 адамдын формасы эле болгон болсо анда жол чыгымы асман чапчыйт болуш керек. Эл акчасын жегендерди кудай урсун оомин.
0
nursultan1
2015-03-24 16:09:36
nurlan10000kg, бул деген мамлекеттин бюджетин мыйзамсыз алуу дегенге жакпайт эгер билсен. Бул акча сага айтканга чейин бир канча ирет эсептелип, такталып анан бөлүнгөн.
0
nursultan1
2015-03-24 16:05:19
Эл аралык ири парадда не эң арзан матадан кийим кийип барышын каалайсынарбы!? Күмүштөн бекен дейт өйдөдө бирөө, бирок бул созунор жөн эле позор урматтуу туугандар. Бул жерде бир эле форма тигилбейт кем дегенде 2 комплект тигилип жаңы отуктор алынат деп турат го. Жок дегенде ушу нерсеге унчукпай эле койсоңор болмок.
0
Dinki
2015-03-24 19:08:19
Комментарилерди окуп эле жыргап кулуп жатам
0
kerakg
2015-03-24 23:21:07
кандай болгон кундо да, ушундан да акча оногондор болот окшойт, бизге окшогон карапайымга коооп акча корунуп жатат, а чиновниктерге ушунча элеби деген кеп го.
+2
suimon302010
2015-03-25 04:09:44
Кытайдан карызыбыз миллиард болуптур,чондор ар шылтоону айтып жеп отура бергиле,ылайым аш болбосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан