"Мамлекеттик башкаруунун бардык тармактарында коррупциянын очоктору бар. Бирок мага өлкөдө коррупция менен жалгыз президент Алмазбек Атамбаев күрөшүп жаткандай сезилет",- деп билдирди саясат таануучу Аалыбек Акунов. Мындай пикирин ал бүгүн, 24-мартта Бишкекте "2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик революциялар: себептери жана натыйжалары" аттуу конференциянын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, 2005 жана 2010-жылдары орун алган окуялардын негизги себеби коррупция болгон. "Мезгилдин өзгөрүшү менен оппозициянын курамы жана маңызы өзгөрүп жатат. Конституцияга ылайык, өлкөдө оппозицияга бир топ мүмкүнчүлүктөр берилген. Жогорку Кеңеште да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, мындан туура пайдаланыш керек. Бирок кечээ эле бийликте тургандар учурда жолдорду тосуп, митингдерди өткөрүп, телеберүүлөрдөн түшпөй бийликти сындап жатышат. Ушунун өзү революциянын талаптарын ишке ашырууга келгенде чоң тоскоолдук болот. "Бүгүнкү оппозициянын кээ бир өкүлдөрү контр-революциянын түстөрү гана" дешет окумуштуулар. Аларга каршы күрөшүү кыйын. Эгер бийлик оппозицияга каршы күрөшсө, демократиядан кайткан болот. Бирок, чынында, оппозициянын атынан сүйлөгөндөр коррупционерлер болуп жатса, булар менен кантип күрөшсө болот деген маселе учурда курч турат",- деди Акунов.