Фракция лидери Өмүрбек Текебаев быйыл дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү кечиктирилип, жазгы талаа иштерине даярдыктар кыйынчылыктарга учурап жатканын белгиледи. "Биз бул жыйынды бекеринен Сокулукта өткөрүп жатканыбыз жок, бул район башынан эле дыйканчылыктын чордону болуп саналат. Айыл чарбасынын азыркы абалын ушул аймактын мисалында кароону чечтик",- дейт Текебаев.
ЖКнын маалымат кызматына таянсак, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыздоо кечиктирилгенин моюнга алды. "Азыр насыялар бериле баштады. Бул жолкусунда өкмөт талапты күчөтүп, каражатты өз багытында гана пайдаланууну көзөмөлгө алат",- деди министр.