Акыркы 3 жыл ичинде кургак учук менен чет өлкөдөн 1603 адам ооруп келген

24-март - Дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнү. Өлкө аймагында 2014-жылы кургак учукка кабылгандардын 763 жаңы учуру катталды. Ал эми жалпы саны 5763 адамды түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта маалымат жыйынында КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева билдирди.
"2014-жылы кургак учук оорусуна чалдыккандардын саны төмөндөдү. 2013-жылы 5710 адамды түзгөн",- деди Д.Ниязалиева.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга калктын тышкы миграциясы таасир берет. Алсак, Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн биздин жарандар келүүдө. Акыркы 3 жыл ичинде кургак учук менен чет өлкөдөн 1603 адам ооруп келген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан