Президент Алмазбек Атамбаев "Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 18-февралында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигин Кыргыз Республикасы тарабынан аталган келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында Евразия экономикалык коомдоштугунун мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынында Орусия, Беларусь, Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Казакстандын президенттери тарабынан кол коюлган. Ага ылайык, аталган коомдоштуктун иши 2015-жылдын 1-январынан баштап токтотула турганы, анын ордуна жаңы түзүлгөн Евразия экономикалык биримдиги иштеп баштай тургандыгы белгиленген.