Кыргыз жигити 6 жылда 100 миң чакырымга чукул аралыкты жөө басып өтүп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүнү көздөөдө

Кыргыз жигити Азамат Жаналиев жөө басуу боюнча дүйнөнүн жаңы рекордун коюп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүнү көздөөдө. Ал 6 жылда дүйнөнүн 112 өлкөсүн кесип өтүп (болжол менен 112 өлкө), 100 миңге чукул чакырым аралыкты багынтуу аракетин көрөт. Азамат Жаналиев бул тууралуу SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, буга чейин жөө басуу боюнча 76 миң чакырым аралыкты багынтуу менен канадалык Жан Беливо рекорд койгон. Азаматтын башкы максаты - ушул көрсөткүчтөн ашып түшүп, 86 миң чакырымды басып өтүү. “Кыргыздар кандай гана таланттарга бай! Атактуу акындары, жазуучулары, спортчулары бар. “Азамат маршруту. Кыргыз изи” деген долбоор алкагында кыргыздын желегин бир катар өлкөлөрдө орнотуп, кыргыздарга таандык дагы бир из калтырууну каалайм. Азыр бул идеяны колдогон команда түзүү менен алекмин. Бул сапарга аттанганга чейин жөө жүрүш боюнча өлкө биринчилигин да уюштурууну пландап жатам”,- дейт ал.

Учурда алыс аралыктарга басып машыгуу өткөрүп жаткан Азамат ошол эле учурда узакка сапарга чыгууда эмнелер керектелерин изилдеп жатканын айтты. “Бул идея мага Москвада жүргөндө келген. Буга кенен эле 6-7 жылымды берем. Бул убакыт аралыгында мен өлкөгө кайтып келбейм. Артымда команда түзүп, калтырып койсом, алар мен тууралуу жаңылыктарды элге жеткирүү аракетин көрүп, мага туура маршрутту көрсөтүп берип турушат. Менин планым боюнча, сапарым 2015-жылы башталса, Азияны, Африканы, Американы, Австралияны, анан Европаны кыдырып, Кудай буюрса, 2021-жылы кайтып келем”,- деп кошумчалайт А.Жаналиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
orhidea83
2015-03-24 14:46:40
Бир гана ийгилик каалайм, молодец
+3
zhykyo
2015-03-24 15:47:31
Жарайсын аракет кыл
+2
Apsi
2015-03-24 16:06:32
обу жок катын орсок уй саайт.а обу жок эркекчи?
+1
Apsi
2015-03-24 16:07:11
обу жок катын орсок уй саайт.а обу жок эркек дайдип журот)))))))))))))))))))
0
Kalin466
2015-03-24 16:15:48
Apsi, кыргыз тилинде дайдип деген соз жок. Анан да озу билет ар ким эмне кылса да. Эн негизи ,айлана чоиросундогулорго таасирин тийгизбесе болду да. Ал эми Азаматка мекенине аман эсен кайтып кел дейт элем. Бирок,бир суроо бар 100км жерди ачка басып журбойсунда,коп каражат керек болот. Ошол каражат жагын кандай чечти экен?
+2
nursultan1
2015-03-24 16:28:11
Kalin466, Ооба ар ким эмне кылат аны өзү билет, анча мынча замандаштарыбыз бар өзүнүн келечектеги максаты барбы же жокпу өздөрү билишпейт анан бирөөнү сындатып койсо ооо алардан өткөн акылман жок сыяктуу.
+1
tagokg
2015-03-25 10:55:43
Kalin466, туштук диалектиде дайдип деген соз дейдип деп айтылат. дейди, селсаяк ж.б.
0
Kalin466
2015-03-24 16:16:52
Ой ,100мин км. Сорри.
0
Sadyrov_n93
2015-03-24 21:34:33
Ийгилик дейм,бирок унутпасын дейт элем жаралуу максатын.
0
91mele
2015-03-24 22:12:19
койчу ээ
0
aziziko
2015-03-24 23:32:53
Эмне жапайланып атасынар ? Же эмне кыргыздын баары эле Россияга барып пол жуусунбу? Кичине озунордун дуйнорду озгорткулочу. Силер учун ал кулку болсо мен учун бул кызыктуу нерсе. Кыргыз деген Кыргызда
+1
nurkojo
2015-03-24 23:48:04
Азамат ака намазынызды калтырбан... Аллах кабыл кылсын..
0
Nurlankg92
2015-03-25 00:59:02
Жолун болсун,тынч бол.
0
kanijol
2015-03-25 01:27:00
аззамат камаздын донгологунон красовка тиктирип ал
0
ANELKA
2015-03-25 04:29:18
Oilop korsom kantip joo jurot boldu eken? Afrikalarda arstan jolbors degender bar. Joldorunda joo emes mashina menen aran jurusgot go setka tosulgan mawinalar mn.
0
Jakai89
2015-03-25 12:56:29
Азамат десе дуйно кыдырса жакшыда АК жол сага ...канчалаган адамдар дуйно кыдырып эмес .деги эле кыргызстанды да кыдыра албай омурун турмодо откузуп жатпайбы ..даны бир жолу АК жол алла таалам колдосун оомийн
0
sardaralay
2015-03-25 18:28:47
Австралиядан 2021-жылы кайтып келатканда этият бол кенгурулар тепкилеп кетишпесин.
0
Ajar.
2015-03-25 18:43:44
Үй-бүлөсү, бала-чакасы жок го, болсо аларды багуу, окутуу, үй салуу деген нерселерден саякаттоо тууралуу ой да келбесе керек эле...
Эгер жалгыз өзүм деп жашаса, анда ак жол...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан