Кыргыз Республикасынын Атайын багыттагы аскердик күчтөрү жана Индиянын аскерлери бүгүн, 24-мартта "Канжар-2015" деген аталышындагы машыгууну жыйынтыкташты. Акыркы 2 аптада Токмоктогу №52806-аскер бөлүгүндө окуудан, машыгуудан өткөн жоокерлер бүгүн практика жүзүндө өз күчтөрүн көрсөтүп беришти.
Чүйдөгү Шамшы капчыгайында орун алган иш-чарада алар сценарий боюнча мыйзамсыз куралданган топторду жок кылуу операциясын көрсөтүштү. Анда мыйзамсыз куралданган топ "Бурана" тарыхый комплексинде 4 туристти барымтага алган. Оперативдүү топ аларды тез жок кылып, колго түшкөндөрдү куткарып алышты.
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Жаныбек Капаров билдиргендей, машыгуу 14 күндөн бери өтүп келет. Индиядан келген аскер кызматкерлери 25-мартта өз өлкөсүнө учуп кетишет.