Кыргыз жериндеги 2005 жана 2010-жылкы революциялар тууралуу көркөм тасма тартуу сунушталды

Бүгүн, 24-мартта Бишкекте "2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик революциялар: себептери жана натыйжалары" аттуу конференция өтүп, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Бул документте 5 сунуш белгиленди. Алар:
1) 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптардан демократиялык өнүгүү жолунда сабак алууну улантууну маанилүү деп эсептөө;
2) мектептердеги окуу китептеринде 2005-жылдагы Март жана 2010-жылдагы Апрель окуялары, парламенттик демократия үчүн күрөшүү жөнүндө чагылдыруу;
3) аталган ыңкылаптар тууралуу мамлекеттик жана расмий тилдерден башка чет тилдерге ырааттуу которууну камсыздоо;
4) 2005, 2010-жылдары болгон ыңкылаптар тууралуу көркөм жана даректүү тасмаларды жана башка татыктуу чыгармаларды жаратуу;
5) 2005, 2010-жылдары болгон ыңкылаптар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элди калыс жана комплекстүү маалыматтар менен камсыздоо.
Айта кетсек, аталган иш-чарага тарыхчылар, саясат таануучулар, социологдор, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан