Бала бакчанын 2-кабатынан кулаган баланын абалы жакшы, учурда тиешелүү дарылануудан өтүүдө

Борбордогу Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113-"Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынын терезесинен кулап кеткен 1 жаш 9 айлык бала №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз катчысы Аскар Эргешев билдирди. 
"Бала 2-кабаттан эмес, керебеттин экинчи ярусунан кулаган. Эгер ал 2-кабаттан куласа, анда ал өтө оор жаракаттарды алмак. Учурда баланын абалы жакшы, бирок ал дале №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө калууда",- деди А.Эргешев. 
Айта кетсек, кечээ, 23-мартта саат 11:45 чамасында №113-"Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынын терезесинен 1 жаш 9 айлык бала кулап кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөсү Жыпара Сыдыкова айтып берген. Анын айтымында, ал баланы көрүп калып, бала бакчанын кызматкерлерин жардамга чакырган. "Мен "Тез жардам" чакыргыла десем, бала бакчанын кызматкерлери болбой, мени урушуп, кууп чыгышты" деп бала бакчанын кызматкерлерине нааразы болгонун билдирген. Ал эми Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти эмне себептен бала керебеттен кулаганын айтып жатканы түшүнүксүз бойдон калууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
uran98
2015-03-24 17:55:42
kimisine ishenuu kerek
0
zhykyo
2015-03-24 18:26:15
Баарынар калпычысынар
0
bema_bema
2015-03-24 19:19:15
Кечээ аялды калпка чыгарып салдыго,колумдагы нерселерди ыргытып ийип чуркадым деди элего байкуш
0
aku
2015-03-24 20:38:01
Садиктин заведующий тиги аялДын оозун жабат да эми же уже жапты окшойт.керебеттен куласа анчалык болбойт да
0
Sadyrov_n93
2015-03-24 21:25:05
Не дешти да билбейсин го тооба.
+1
alailyk-kyz
2015-03-25 08:20:19
ал группада 2ярус кровать жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан