Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган парад 2 миңден ашуун аскер кызматкеринин катышуусунда өтөт

Бишкек шаарында 9-Майда өтүүчү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган парадга 3 миңден ашуун адам катышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Улуттук гвардиянын башкармалыгынын башчысы Таалай Мырзабаев билдирди. 
"Быйыл Бишкекте өтүүчү парадга 2 миңден ашуун аскер кызматкери жана Бишкек шаарындагы мектептердин 1,5 миңдей окуучусу катышмакчы. Бул күнү Бишкекте эле эмес, өлкө аймагынын бир катар аймактарында да майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Борбордук аянтта өтүүчү аскер парадына согуштун ардагерлери жана оорукта эмгектенгендер чакырылат",- Т.Мырзабаев. 
Анын айтымында, учурда парадга катышуучу Улуттук гвардиянын жоокерлери тиешелүү даярдыктарды көрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан