Австриянын борбору Вена шаарында "Демократиялык Кыргызстан" аталышындагы фотокөргөзмө ачылды
Кечээ, 24-март күнү президент Алмазбек Атамбаевдин Австрияда өткөн расмий иш сапарынын жүрүшүндө Вена шаарында жайгашкан ЕККУнун имаратында "Демократиялык Кыргызстан" аталышындагы фотокөргөзмө ачылды. Аны көрүүгө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун башкы катчысы Ламберто Заньер менен кыргыз өлкөсүнүн президенти Алмазбек Атамбаев келишти. Фотокөргөзмөгө катышуудан кийин Ламберто Заньер менен Алмазбек Атамбаев жолугушуу өткөрдү.