Жоомарт Оторбаев Сингапурдун өкмөт башчысына көңүл айтты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Сингапурдун өкмөт башчысы Ли Сяньлунга өлкөнүн биринчи премьер-министри Ли Куан Юнун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. 
"Заманбап Сингапурдун негиздөөчүсү жана өлкөнүн биринчи премьер-министри Ли Куан Юнун каза болгону тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдык. Анын лидерлик сапаттарына байланыштуу 30 жылда Сингапур Түштүк-Чыгыш Азиянын гүлдөгөн каржылык борборуна айлануу менен дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулду",- деп айтылат өкмөт башчынын көңүл айтуу катында. 
Оторбаев кыргыз өкмөтүнүн жана өзүнүн атынан Сингапурдун премьер-министрине аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан