Оштогу бала бакчалардын кызматкерлери айлыктарын көтөрүүгө көмөктөшүүнү Жогорку Кеңештин депутатынан өтүнүштү

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош облусунун Кара-Суу районундагы бала бакчаларды кыдырды. Парламенттин маалымат кызматы 24-мартта билдиргендей, жолугушууда бала бакчалардын кызматкерлери айлыктары аз экенин айтышты. Бала кароочулар 2300 сом, тарбиячылар 5000 сом маяна аларын белгилешип, айлыктарын көтөрүү боюнча депутаттан жардам сурашты. Мындан тышкары бала бакчалардын имаратын оңдоого республикалык бюджеттен акча бөлүнбөй жаткандыгы айтылды. 
Жолугушуу жыйынтыгында депутат Алтыбаева айтылган маселелерди комитетте жана Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрөрүн убадалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан