Президент тарыхый эстеликтер жайгашкан аймакка курулуш иштерин жүргүзүүгө байланышкан талапты күчөттү

Президент Алмазбек Атамбаев "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 19-февралында кабыл алынган мыйзамдын максаты – тарыхый-маданий мурастардын объекттерин сактоо жана пайдалануу.

Аталган мыйзамдын 30-беренесинде эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде жер иштетүү, курулуш жана чарба иштерин жүргүзүү такталат. Мыйзамдын 33-беренесинде археологиянын эстеликтеринин коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде атайын техникалык каражаттар (металл издөөчүлөрдү, металл детекторлорду, радарларды жана башка) атайын уруксатсыз (ачык бараксыз) пайдаланууга тыюу салынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан