Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 24-мартта Кыргыз Республикасын Евразиялык экономикалык союз жөнүндө келишимге кошуу үчүн протоколго кол коюу боюнча жыйын өткөрүп, ага министрлик жана мекемелердин башчылары катышты. Жыйында Евразиялык экономикалык комиссиянын кезектеги жыйынында вице-премьер-министрлердин деңгээлинде талкуулоо үчүн кыргыз мамлекетинин позициясын иштеп чыгуу маселеси каралды. Мындан тышкары өлкөнүн ЕАЭСке кошулушу боюнча жол картасында каралган иш-чараларды каржылоо тууралуу талкуу болду. Жыйынтыгында өкмөт башчы иш-чараларды каржылоого байланышкан процедураларды тездетүү тапшырмасын берди.