Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын январь-февраль айларында республикалык бюджеттин чыгымы 14 миллиард 519 миллион 200 миң сомду түздү. Каржы министрлигине таянсак, былтыркы жылдын ушул мезгилинде бюджеттин чыгымы 13 миллиард 18 миллион 300 миң сомду түзгөн (быйылкыдан 1 миллиард 500 миллион 900 миң сомго аз).
2015-жылдын алгачкы эки айында:
Айлык маянага 4 миллиард 642 миллион 500 миң сом;
Социалдык фонддогу төгүмдөргө 554 миллион 100 миң сом;
Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарга 2 миллиард 815 миллион 300 миң сом жумшалган.