Акылмандар кеңеши азыркы Конституциянын кемчиликтерин жоюу зарылдыгын айтып чыкты

Бүгүн, 25-марттагы маалымат жыйынында КРнын акылмандар кеңешинин төрагасы Бердибек Жумабаев "азыркы Конституция кыргыз мамлекетин системдик каатчылыкка туш кылууда" деп билдирди.

"Бизге конституциялык реформалар керек. Өлкө башчыбыз буга жол ачты. Бул багытта Баш мыйзамдын 52-беренесине ылайык жазылган "Элдик курултай жөнүндөгү" мыйзам долбоору 2012-жылдын 12-январында Жогорку Кеңеште биринчи окуудан 67 добуш менен өтүп, Бишкек, Ош шаарларында уюштурулган коомдук угууларда колдоо тапкан. Бирок ага карабастан, мыйзам ушул убакка чейин кабыл алынбай жаткандыгы биздин улуттук кызыкчылыгыбызга төп келбейт.
Элдик курултайды мыйзамдаштырууну тездетпесек, азыркыдай ар ким кокту-колоттон курултай деп чыга берет. Натыйжада саясий стабилдүүлүккө, мамлекеттүүлүккө доо кетиши мүмкүн. Ошондуктан кыргыз мамлекетинин келечегине кайдыгер карабаган бардык коомдук-саясий күчтөрдү ушул жана башка маселелерди талкуулоо үчүн 22-апрель күнү Улуттук улуу курултайдын III жыйынын Бишкекте биргелешип өткөрүүгө чакырабыз",- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kubat_1973
2015-03-25 20:55:02
Тан горуу ээй бизде да акылмандар бар экен ээ тан калыштуу
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан