Парламенттин
Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети парламенттик шайлоодон кийин партиядагы талапкерлердин тизмесин өзгөртүүсүз калтыруу позициясында бекем турат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта тегерек столдун жүрүшүндө аталган комитеттин төрайымы
Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтымында, "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда, депутаттардын көбү ушундай сунушту колдоого алышты. Сунушталып жаткан демилге конституциялык мыйзамдын долбоору болгондуктан, депутаттардын 80ден кем эмес добушун ала албай калган. "Шайлоочулардын пикирин сыйлаш керек. 31-мартта бул мыйзам долбоорунун талаштуу нормалары комитетте каралат. Биз тизме өзгөртүлбөсүн деген сунушту кайра демилгелейбиз",- деди Никитенко.