"Эгер кийинки шайлоодо парламентке КСДП жана"Ар-намыс" партиясы гана келсе, эл бизди жөн эле тытып салат",- деп билдирди 25-мартта Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов.
Анын айтымында, парламентке төрттөн кем эмес партия келиши керек. "Жогорку Кеңеште төрттөн кем эмес партиянын болушун сунуштаганбыз, бирок парламент мыйзам долбоорун жактырган эмес. Буга карабай долбоорду кайрадан иштеп чыгып, палатага сунуштайбыз",- деди Кулов.
Депутат шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртүүсүз калтырууга каршы экенин билдирди. "Ар кандай учурлар болот, шайлоо өткөндөн кийин жеңүүчү партиянын тизмесиндеги талапкер ооруп калышы же ага карата кылмыш иши козголушу мүмкүн. Анда аны жакасынан кармап парламентке сүйрөп келгенибиз туурабы? Же партиянын тизмесинде 120-орунда турган талапкер 30-орундагыга караганда мыктыраак иштесе, анда эмнеге аны парламентке алып келбешибиз керек? Тиешелүү мыйзам долбоорунда бул маселелер каралган эмес",- деп кошумчалады Кулов.