Абдырахман Маматалиев чек ара отряддарына психолог адисин бөлүүнү сунуштады

Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамынын сапатына олуттуу көңүл буруу зарыл. Муну вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 24-мартта аталган кызматтын коллегиялык жыйынында билдирип, ден соолугу талапка жооп бербеген жоокерлерди курамга алууну токтотуу керектигин белгиледи. Ден соолугу жайында эмес балдарды аскерге жөнөткөн аскердик комиссарлардын жоопкерчилигин кароону сунуштады. "Ар бир факт боюнча тийиштүү органдар дыкат иликтөө жүргүзүп, катаал чараларды көрүшү шарт. Жоокерлердин моралдык-психологиялык абалына өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Бул үчүн ар бир чек ара отрядына психолог кызматын киргизүүнү сунуштайм",- деди Маматалиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан