Бүгүн, 25-мартта Бишкекте өткөн тегерек столдо саясий серепчи
Марс Сариев "Европа өлкөлөрү президент
Алмазбек Атамбаевди келерки парламенттик шайлоого байланыштуу чакырышкан" деген пикирин айтты.
Анын билдиришинче, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү батыш мамлекеттерине пайдасыз. "Саясий күчтөр шайлоодо өздөрүнө пайдалуу жыйынтыкка жетишүү үчүн таасир этүүгө аракеттенип жатышат",- деди Сариев.
Мындан тышкары бийлик жаштар менен начар иштешип жатканын белгиледи. "Бийликтеги партиялар жаштар менен тыгыз мамиледе кызматташуусу зарыл. Же тышкы күчтөр мындан пайдалана алышат. Жыйынтыгында мындай көрүнүш жаман нерселерге алып келиши мүмкүн",- дейт Сариев.