Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу документке кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-февралында кабыл алынган.
Мыйзам «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.
Аталган максаттарда киргизилип жаткан өзгөртүүлөр видео жана аудиомаалыматтын санарип форматтарын колдонууга, ошондой эле маалыматты санарип форматта сактоого мүмкүнчүлүк берет.
Түзөтүүлөргө ылайык, аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.